|
作词 : К. Качкынбаев |
|
作曲 : М. Атабеков |
|
Бирде келет байлык, бийлик баарына, |
|
Бирде кетет тайып, жаның сыздата. |
|
Кайгырба, кайгырба сен жашоо шартына, |
|
Тагдырга, тагдырга буйругу да, бары да. |
|
Байкабайсың болуп турган бактыңды, |
|
Азык болот дайым сага ырыскы. |
|
Каалаба, каалаба жамандыкты душманга, |
|
Таштаба, таштаба досторуңду азапка. |
|
Жашоо деңизи, |
|
Элдин ай, тилеги, тилеги. |
|
Жылдап-айлап түшүнөрсүң баарына, |
|
Жолуң кыска жакшылыктан тартынба. |
|
Чалдыкпа, чалдыкпа алданбачы байлыкка, |
|
Айрылба, айрылба ыймандыктан жакынга. |
|
Кардуу күндөр өтөөр, жылдап аз-аздан, |
|
Карыялар берет батасын сага. |
|
Жараткан, жараткан, жаралганды кубатта, |
|
Ааламга, ааламга көкөлөтүп асманга. |
|
Бирде келет байлык, бийлик колуңа, |
|
Бирде кетет жаның тайып, сыздата. |
|
Кайгырба, кайгырба сен жашоонун шартына, |
|
Тагдырга, тагдырга буйругу да, бары да. |
|
Байкабайсың болуп турган бактыңды, |
|
Азык болот дайым сага ырыскы. |
|
Каалаба, каалаба жамандыкты душманга, |
|
Таштаба, таштаба досторуңду азапка. |