|
Ак Сардал кыз, Сардал кыз |
|
Сен да жалгыз мен жалгыз |
|
Берейин десем мал таңгыс |
|
Бере албадым, Сардал кыз |
|
Өтүгүңдүн өкчүүсү |
|
Кылдан бекен Сардал кыз |
|
Экөөбүздүн ортобуз |
|
Зымдан бекен Сардал кыз |
|
Өтүгүңдүн өкчүүсү |
|
Кылдан бекен Сардал кыз |
|
Экөөбүздүн ортобуз |
|
Зымдан бекен Сардал кыз |
|
Көк боз аттын куйругу да |
|
Күмүш десем кылга окшойт |
|
Экөөбүздүн ортобуз |
|
Күнчүлүк десем айга окшойт |
|
Ак боз аттын куйругу |
|
Алтын десем кылга окшойт |
|
Экөөбүздүн ортобуз |
|
Айчылык десем жылга окшойт |
|
Ак боз аттын куйругу |
|
Алтын десем кылга окшойт |
|
Экөөбүздүн ортобуз |
|
Айчылык десем жылга окшойт |
|
Көк өгүздү кубалап мен |
|
Оолукканмын, Сардал кыз |
|
Көк белестин жанынан |
|
Жолуккамын, Сардал кыз |
|
Ак өгүзүм кубалап |
|
Оолукканмын, Сардал кыз |
|
Ак белестин жанынан |
|
Жолукканмын, Сардал кыз |
|
Ак өгүзүм кубалап |
|
Оолукканмын, Сардал кыз |
|
Ак белестин жанынан |
|
Жолукканмын, Сардал кыз |
|
Кашка суулу булактан |
|
Суу аласың, Сардал кыз |
|
Карала да моюн катардай |
|
Чубаласың, Сардал кыз |
|
Ак мөңгүлүү дайрадан |
|
Суу аласың, Сардал кыз |
|
Ашыктыгым ансайын |
|
Бураласың, Сардал кыз |
|
Ак мөңгүлүү дайрадан |
|
Суу аласың, Сардал кыз |
|
Ашыктыгым ансайын |
|
Бураласың, Сардал кыз |
|
Ак мөңгүлүү дайрадан |
|
Суу аласың, Сардал кыз |
|
Ашыктыгым ансайын |
|
Бураласың, Сардал кыз |