作词 : Мирбек Атабеков 作曲 : Мирбек Атабеков Көлдүн жээги Сөзү:А.Айталиевдики Обону:К.Жакшылыковдуку Көлдүн жээги, бирге басып салкындап, Жайдары мүнөз жаз күнүндөй жаркылдап. Жумшак шамал бетти аймалап сыласа, Майда долкун ташка урунат шарпылдап. Кошкун дедиң кол булгалап, Кете бердиң пароходдо, Кете бердиң пароходдо калкылдап. Эми алысмын куса болом самасам, Бир жүргөнсүйт бирок сенен тамашаң. Түбөлүктүү өмүрүмдүн шериги, Жаным сүйүп,жалгыз сени жаратам. Ашыктыгым ого бетер арналат, Сагынганда сүрөтүңдү, Сагынганда сүрөтүңдү карасам. Жазган катың жанга кубанч киргизет, Гееде ойлоном тынч алалбай дирилдеп, Кыял деген күлүк нерсе эмесби, Сага жетип кайра мага жүгүрөт, Кара көзүм кандай жүрөт дегенсип, Курган жүрөк гееде койот, Курган жүрөк гееде койот бүкүңдөй. Ар бир мүнөз элестериң көңүлдө, Унутпастан эстейим өзүң жөнүндө. Сары алтын дейт,түбү келип сабырдын, Сагынуунун зардалына жеңилбе. Аз күн калды жолугушчуу убакыт, Сен узаткан Ысык-Көлдүн Сен узаткан Ысык-Көлдүн жээгинде. Сен узаткан Ысык-Көлдүн жээгинде.