作词 : Мирбек Атабеков 作曲 : Мирбек Атабеков Таң сыры Сөзү : А.Исаевдики Обону : Сардарбек Жумалиевдики Көрүшкөнчө көздөрүңдөн чагылган, Нурларынан курган кайран көпүрөм. Бекемине күмөн санап жаңылгам, Өтүмү жок болгонума өкүнөм. Кимге айтып күйүтүмдү, Кимге барып өтүнөм? а~ай о~ой Кимге айтып күйүтүмдү, Кимге барып күнү-түнү, Кимге барып өтүнөм? Таңшыгыча табышмактуу таң сыры, Тандап кеттиң таңы салкын өлкөнү. Табалабайм кайрылганда айт чынын, Артык бекен башка жердин көркөмү? Арбалсаң да бир келерсиң, Ала-Тоону көргөнү. а~ай о~ой Сагынганда бир келерсиң, Саргайганда бир келерсиң. Ала-Тоону көргөнү. Кала берем мекенимде сени эстеп, Жүрсө экен деп алыс жерде аман-соо. Өтүнөрүм көкүрөгүм элестеп, Көргөн сайын жалын бүрккөн жанар тоо. Жалын бүрккөн үшкүрүгүм, Жаңырыгы жарар зоо. а~ай о~ой Жалын бүрккөн үшкүрүгүм, Жалын бүрккөн үшкүрүгүм, Жаңырыгы жарар зоо. Сагынганда бир келерсиң, Саргайганда бир келерсиң. Ала-Тоону көргөнү.