作词 : Мирбек Атабеков 作曲 : Мирбек Атабеков Обон Гүлнур: Күн дүйнөнү ар убак, Күүгө салат табигат. Жалбырактар даракта, Алакандай чабылат. Мирбек: Шаң учурган шамалдан, Шаттык ыры жаралган. Толкуп кетип обонго, Тоолор бийик жаралган. Бирге Кайырма: Ар күнүң табылбас кайрыктай, Обонго салып кал айрымдарын. Бул өмүр жүктөлүү байлыктай, Кербенге теңелет ай, жылдары. Ак тилек ырдан айрылбагын. Гүлнур: Кубанычты аркалап, Куштар сайрап жар салат. Жалганына карабай, Жашоо кандай салтанат! Мирбек: Ырчы болор жорголор, Сырдуу обон ойнолот. Сүйүү тилеп адамзат, Сезим кылдай толгонот! Бирге Кайырма: Ар күнүң табылбас кайрыктай, Обонго салып кал айрымдарын. Бул өмүр жүктөлүү байлыктай, Кербенге теңелет ай, жылдары. Ак тилек ырдан айрылбагын. Ар күнүң табылбас кайрыктай, Обонго салып кал айрымдарын. Бул өмүр жүктөлүү байлыктай, Кербенге теңелет ай, жылдары. Ак тилек ырдан айрылбагын. Ар күнүң табылбас кайрыктай, Обонго салып кал айрымдарын. Бул өмүр жүктөлүү байлыктай, Кербенге теңелет ай, жылдары. Ак тилек ырдан айрылбагын.