作词 : Мирбек Атабеков 作曲 : Мирбек Атабеков "Тумарым" Мирбек Атабеков Мен сүйсөм да, сен сүйбөйсүң, тумарым, Түнкү шамдай өчүп барат ыраңың. Таш боор белең жүрөгүңдө мээрим жок, Аясаңчы, аясаңчы, аясаңчы, тумарым. Тумарым, ай-ай, тумарым, Аясаңчы, менин сүйгөн тумарым. Жүрөгүмдөн кайнап чыккан махабат, Күндөн-күнгө кайгы-капа жаратат. Сенин атың, сенин сүйкүм элесиң, Жүрөгүмдө тумар болуп сакталат. Тумарым, ай-ай, тумарым, Аясаңчы, менин сүйгөн тумарым.