[00:00.000] 作词 : Мирбек Атабеков [00:01.000] 作曲 : Мирбек Атабеков [00:05.00]"Суранамын, кечир мени" [00:10.00]Мирбек Атабеков [00:15.00]Сөзү:Кундуз Качкынбаеваныкы [00:20.00]Обону:Мирбек Атабековдуку [00:25.90]Азгырылып, сезим менен ойноп, [00:29.35]Айрылдым өзүңдөн, [00:31.95]Биздин сүйүүбүздү жомок деп ойлоп. [00:37.35]Сага жагыш үчүн издеп айла, [00:40.10]Жалган айтып алдадым. [00:43.20]Сени жоготуудан коркуп анда. [00:47.45]Көрбөптүрмүн сендей жанды, [00:50.30]Көздөрүңдө сыйкыр барбы [00:53.05]Көңүлүмдөн орун алдың, орун алдың... [00:58.50]Жан дүйнөмдүн тынчын алып, [01:01.25]Жалын болуп күйүп-жанып, кеттиң алыс! [01:05.50]Сенсиз калдым эми жалгыз. [01:09.80]Жүрөгүмдү ээлеп алдың, [01:12.40]Бар дүйнөмө бүлүк салдың. [01:15.30]Жалын болуп күйүп-жандым, күйүт салдың. [01:20.95]Бакыт сен жок сезилбеди, [01:23.85]Жүдөттүң го сезимимди. [01:26.50]Сагынычка эзбей эми, келчи деги, [01:30.90]Суранамын кечир мени. [01:33.30]Алоолонуп жүрөк эзип кайра, [01:36.90]Ар дайым эсимде, [01:39.65]Ал күндөрүм менин соолубас дайра. [01:45.10]Эми сезимдерим издеп айла, [01:47.85]Жалгыздыкка кезигем, [01:50.50]Сенин сүйөм деген сөзүң кайда [01:54.90]Көрбөптүрмүн сендей жанды, [01:57.90]Көздөрүңдө сыйкыр барбы [02:00.75]Көңүлүмдөн орун алдың, орун алдың... [02:06.15]Жан дүйнөмдүн тынчын алып, [02:08.80]Жалын болуп күйүп-жанып, кеттиң алыс! [02:13.25]Эми сенсиз калдым жалгыз. [02:17.60]Жүрөгүмдү ээлеп алдың, [02:20.60]Бар дүйнөмө бүлүк салдың. [02:23.20]Жалын болуп күйүп-жандым, күйүт салдың. [02:28.85]Бакыт сен жок сезилбеди, [02:31.80]Жүдөттүң го сезимимди. [02:34.70]Сагынычка эзбей эми, келчи деги, [02:38.35]Суранамын кечир мени. [02:43.40]Суранамын кечир суранамын. [02:49.25]Кубанычым болуп, кучагыма толуп, [02:54.10]Кайрылсаңчы, сарсанаага алдырбай. [02:59.85]Аясаңчы мени жалгыз калтырбай, [03:04.20]Суранамын кечир мени!