作曲 : М. Баетов "Сагынам" Сөзү: Муса Баетовдуку Обону: Муса Баетовдуку Сагынам сени ойлонуп, Санадым эстеп кадырың. Кайсы эле күнү өчүрөм, Жүрөктүн күйгөн жалынын. Аттандым алыс эртеси, Алтыным мында келсечи. Айлында жүрөт булбулу, Акындын сүйгөн эркеси. Айтайын тилим сайратып, Ашкере ичти кайнатып. Алтыным аман бар бекен, Аркардай көзүн жайнатып.