[00:00.00] 作曲 : Т.Бектурганов [00:01.00]Ата-эне [00:03.00]Сөзү: Т.Бектургановдуку [00:05.00]Обону: Т.Бектургановдуку [00:07.55]Тарбия бардыгына бирдей берет, [00:14.60]Он бала болсун, багат ата-эне. [00:21.50]А бирок ошол ону биригишип, биригишип, [00:31.35]Багышпайт ата-энени эмнеге. [00:44.60]Кол созуп бир кездерде Келе-келе, [00:51.40]Келе бер, кармат мага, өзүң жебе. [00:58.50]Дегендер боор көтөрүп, үй-жай күтсө, үй-жай күтсө, [01:08.50]Унутат ата-энесин эмнеге. [01:21.60]Оокат таап адилеттүү эмгек менен, [01:28.50]Адамдык сапатыңды тилеп келген. [01:35.35]Ай, ушул адам болуп кетсинчи деп, кетсинчи деп, [01:45.30]Ата-энең болчу өргө жетелеген. [01:58.60]Көрүнүп эл көзүнө коройгондо, [02:05.45]Бой болсо ак теректей соройгондо. [02:12.40]Карабай атасына, энесине, энесине, [02:22.50]Кай мерез басып кетет чоңойгондо. [02:58.60]Турмуш оор, жүз каталык кеткен күндө, [03:05.50]Ойло, дос, жаңылыштык кылып жүрбө. [03:12.40]Өзүңдөй таш боордуку балдарыңдан, балдарыңдан, [03:22.40]Көргөндө өкүнбөгүн, ушуну ойлон. [03:29.30]Көргөндө өкүнбөгүн, ушуну ойлон.