作曲 : С. Бейшекеев Айылдашым сулуу Айганыш, Ай жылдыздай көктө жайнаңыз. Башка айылга ыраа көрө албай, Баарыбыздын кетти айлабыз. Сулуу, сулуу, сулуу Айганыш, Жаш жүрөгүм сага байланыш. Адат болду күндө кечинде, Айганыштын үйүн айланыш. Болдум сага кайда байланыш Таш ыргытсам такыр тоготпой, Кирешеңер такыр жолотпой. Апаң чыгат сенин ордуңа, Чоң таягын кармап колуна. Сулуу, сулуу, сулуу Айганыш, Жаш жүрөгүм сага байланыш. Адат болду күндө кечинде, Айганыштын үйүн айланыш. Болдум сага кайда байланыш …… Басамын деп үйүң айланып, Байкеңе да калдым кармалып. Огородго сууга келдим деп, Алдап койдум аны жайгарып. Сулуу, сулуу, сулуу Айганыш, Жаш жүрөгүм сага байланыш. Адат болду күндө кечинде, Айганыштын үйүн айланыш. Болдум сага кайда байланыш Сулуу, сулуу, сулуу Айганыш, Жаш жүрөгүм сага байланыш. Адат болду күндө кечинде, Айганыштын үйүн айланыш. Болдум сага кайда байланыш