作曲 : Ч. Сатаев «Аке» деген сөзүңдөн ананайын, Акең болуу менин да самаганым. Ушул бойдон түбөлүк калсаң экен, Урмат-сыйды тартуулап, Урмат-сыйды тартуулап мага ар дайым. Э-э-й, түштүк кызы, Карындашым, садага, Карындашым, садага, Садагасы... Канча өзүмдү сабырлуу кармабайын, Алып эле баратат арбаганың. Наристем, оо, назыңдан кагылайын, Наристем, оо, назыңдан айланайын. Э-э-й, түштүк кызы, Карындашым, садага, Карындашым, садага, Садагасы... …… Азырынча мен акең болуп койсом, Анча-мынча бирөөдөн коруп койсом. Айып этпе, карындаш, анан, анан, ай “Аке” деген оозуңдан соруп койсом. “Аке” деген оозуңдан соруп койсом. Э-э-й, түштүк кызы, Карындашым, садага, Карындашым, садага, Садагасы... Э-э-й, түштүк кызы, Карындашым, садага, Карындашым, садага, Садагасы...